КЫРГЫЗТЕСТ: 2024-ЖЫЛДЫН 10 – 15-ИЮНУНДАГЫ ТЕСТТЕР

2024-жылдын 10 – 16-июнь күндөрү Талас шаарындагы мобилдик тестке  Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын, Талас шаарынын мэриясы, Талас облустук прокуратурасынын, Талас облустук жана Талас, Бакай-Ата, Айтматов, Манас райондук, Административдик сотторунун, Талас шаардык жана Талас, Бакай-Ата, Айтматов, Манас райондук Сот аткаруучулар кызматтык бөлүмдөрүнүн, Талас аймактык жана Талас, Бакай-Ата, Айтматов, Манас райондук Сот приставдар кызматтык бөлүмдөрүнүн, Талас шаардык жана Талас, Бакай-Ата, Айтматов, Манас райондук мамлекеттик архивинин, Мамлекеттик салык кызматынын Талас району боюнча башкармалыгынын, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Талас райондук башкармалыгынын, Талас шаардык, райондук статистика бөлүмү, ветеринардык башкармалыгынын, билим берүү бөлүмүнүн, агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын, Талас райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын, Талас районунун Каракол, Шумкар-Уя, Чоң-Алыш, Беш-Таш, Кең-Кол айыл аймактарынын, Талас шаарынын мэриясынын, Кыргыз Республикасынын ӨКМ Талас облустук башкармалыгынын, Талас облусундагы Юстиция башкармалыгынын кызматкерлеринин арасында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо тести өткөрүлдү.

            Аталган күндөрү Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районундагы мобилдик тестке Ак-суу районунун мамлекеттик администрациясынын жана Ак-Суу районунун Кыдыр Аке, Хан Теңири, Каракол, Алтын-Арашан айыл аймактарынын кызматкерлери тест тапшырды.

«Кыргызтесттин» Бишкектеги кеңсесинде 2024-жылдын 10 – 16-июнь күндөрү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча башкармалыгынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине  караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун борбордук аппараты жана райондук башкармалыктарынын, Кыргыз Республикасынын жараталыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык  башкармалыгынын, Бишкек шаардык мэриясынын Шаардык чарба департаментинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун кызматкерлери мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестке катышты.

Аталган күндөрү Талас, Ысык-Көл облустары жана Бишкек шаары боюнча жалпы 630 кызматчы тест тапшырды.

Талас шаарындагы «Кыргызтест» системасы боюнча мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо тести 2024-жылдын 25-июнуна чейин өткөрүлөт. Дареги: Талас шаары, К.Нуржанов аллеясы 45, А.Чолпонкулов атындагы №1 жалпы билим берүүчү орто мектеби, жыйындар залы.

You may also like...