«Кыргызтест» – ОшМУ: Биргелешкен меморандум

2022-жылдын 29-январында «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Б.Б. Топоева-Ставинская менен Ош мамлекеттик университетинин ректору К.Г. Кожобеков үч күн аралыгында аткарылган жигердүү иштин жыйынтыгында кызматташуу меморандумуна кол коюшту. Шилтеме.

Меморандумда мамлекеттик тилди окутуу процессине «Кыргызтест» системасынын деңгээлдик талаптарын киргизүү; окуу программаларын, мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо боюнча илимий-усулдук колдонмолорду биргеликте иштеп чыгуу; тилди билүү деңгээлин баалоо тармагында адистерди даярдоо жана биргелешкен иш-чараларды өткөрүү, тажрыйба алмашуу жана жумушчу иш сапарларды уюштуруу боюнча биргелешкен иштер каралган.

Ошондой эле бул күнү «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Б.Б. Топоева-Ставинская ОшМУнун факультеттер аралык кафедраларында эмгектенген кыргыз тили жана адабияты предметинин окутуучуларынын арасында «Билим берүү жыйынтыгын баалоо тесттери» темасында илимий-практикалык семинар өткөрдү.

 

You may also like...