СЕРТИФИКАТ ТАПШЫРУУ: ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИ

СЕРТИФИКАТ ТАПШЫРУУ: ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИ

            Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы №757 токтомунун алкагында 2018-жылы жүргүзүлгөн тесттин жыйынтыгы менен министрликтин кызматкерлерине сертификаттарды расмий тапшыруу аземи Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде өткөрүлдү. Бул расмий иш-чарада  министрликтин статс-катчысы
О. Т. Омокеев сөз сүйлөп, учурда мамлекеттик тилди өнүктүрүү мамлекеттик деңгээлде колго алынып жаткандыгын канааттануу менен белгилеп, мындан ары да тилди билүү деңгээлин жогорулатуу үчүн мекемеде бардык аракеттер жүргүзүлөрүн билдирди. Мекеме «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесине тестти жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн ыраазычылыктарын айтышты. Ошондой эле бул расмий иш-чарада 2018-жылда тестти уюштурууга кошкон салымы үчүн министрликтин жооптуу кызматкерине ыраазычылык баракчалары ыйгарылды.

 

You may also like...