КЫРГЫЗТЕСТ: ТИМ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ ТЕСТ ЖҮРГҮЗҮҮ

«Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинде 2022-жылдын 13-июнунан 15-июнуна чейин Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери үчүн тест өткөрүлдү. Тестке жалпысынан 71 адам катышты. Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери мамлекеттик тилди билүү деңгээлин жогорулатуу боюнча тест тапшыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Кошумча маалымат: «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси 2022-жылдын 13-июнунан тартып Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери үчүн тестти онлайн тартибинде жүргүзө баштай тургандыгын маалымдайт. Аталган тартиптеги тест жүргүзүү 2022-жылдын 31-декабрына чейин созулмакчы.

You may also like...