ЭНЕ ТИЛ КҮНҮНӨ КАРАТА ӨТКӨРҮЛГӨН ИШ-ЧАРАЛАРДЫ ЖЫЙЫНТЫКТАГАН ЖЫЙЫН

2023-жылдын 21-февралында Т. Сатылганов атындагы мамлекеттик филармонияда «Эл аралык эне тил күнүнө» арналган салтанаттуу жыйын болуп өттү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Ж. Байсалов тарабынан жарыяланган Кыргызстанда жашаган этностордун эне тилин өркүндөтүү боюнча бир айлыкты жыйынтыктады. Бул иш-чарага КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы К. Осмоналиев, КР Мамлекеттик катчысы С.С. Касмамбетов, Кыргызстан калкы ассамблеясынын төрагасы А.Э. Эркебаев катышышты.

Мамлекеттик тилге салым кошкон жана аталган бир айлыкка жигердүү катышкандар КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын сыйлыктары менен сыйланышты.

Иш-чара концерттик программа менен жыйынтыкталды.

You may also like...