КЫРГЫЗТЕСТ: УЧУРДАГЫ ИШТЕР

       2023-жылдын 3-июлунан 14-июлуна чейин «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесинин, Биринчи май администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын, Ысык-Ата финансы башкармалыгынын, А. Токтоналиев атындагы финансы-экономикалык техникумунун, Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаментинин, «Тазалык» муниципалдык ишканасынын жана «Бишкек суу чарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери үчүн мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тести өткөрүлүп, жалпысынан 287 адам тестке катышты.

Тест жүргүзүү бекитилген графиктерге ылайык уланууда.

You may also like...