«КЫРГЫЗТЕСТ»: ЧҮЙ ОБЛУСУНДАГЫ ЖЫЙЫН

Бүгүн, 2022-жылдын 8-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Н. Алымбаевдин баяндамасы менен «Мамлекеттик тил саясаты жана улуттук нарк» аталышындагы жыйын Чүй облустук өкүлчүлүгүндө ачылды.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы К.О. Осмоналиевдин «Чүй облусунда мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышы, мамлекеттик мекемелеринин иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүнүн абалы жана нарктуу мамлекеттик кызматчыны калыптандырууда мамлекеттик тилге көңүл буруу маселелери» деген темадагы баяндамасынан кийин, «Улутсофт» компаниясынын адиси У. Баялиев чыгып сүйлөдү. Иш-чарага облус башчысынын орун басары Г. Кыштобаева катышты.

«Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Б.Б. Топоева-Ставинская баяндамасында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо тестти эл аралык стандарттардын негизинде иштелип чыккан бирдиктүү «Кыргызтест» системасы боюнча жүргүзүлөрүн белгиледи. Мекеме ошондой эле республикада «Кыргызтест» системасы боюнча расмий жана эл аралык тилдерди баалоо тесттин жүргүзүүнү ишке киргизүүнүн үстүндө иштөөдө. Мындан тышкары, «Кыргызтест» системасын эл аралык деңгээлге алып чыгуу боюнча иш пландар белгиленди.

Баяндамачылар жыйынга катышкандардын суроолоруна жооп беришкенден кийин жумушчу топ Чүй облусундагы мекемелердин иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүн кароону улантышты.

You may also like...