КЫРГЫЗТЕСТ: УЧУРДАГЫ ИШТЕР

«Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин көчмө тобу Баткен облусундагы административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын арасында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча мобилдик тест жүргүзө баштады.

2023-жылдын 25-30-март күндөрү Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын, Баткен облустук статистика башкармалыгы жана райондук, шаардык статистика бөлүмдөрүнүн, КР Улуттук банкынын Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн, «Баткен» бажысынын, Баткен шаарынын мэриясынын жана мэриянын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин, Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн, Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын жана мэриянын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин, статистика бөлүмүнүн, мамлекеттик салык кызматынын, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын, Кызыл-Кыя шаарынын «Караван» аймактык башкармалыгынын, Кадамжай жана Баткен райондорунун мамлекеттик администрацияларынын жана КР УКМК ЧК 2001, 2023 аскер бөлүктөрүнүн кызматчылары мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тестин тапшырышты.

Ал эми «Кыргызтесттин» Бишкек шаарындагы кеңсесинде КР Социалдык фондунун, КР Ички иштер министрлигине караштуу Атайын багыттагы полктун, «Тазалык» муниципалдык ишканасынын, жалпы билим берүүчү №79, 52 орто мектептеринин мугалимдеринин арасында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тест өткөрүлдү.

Аталган күндөрү Баткен облусу жана Бишкек шаары боюнча жалпы 488 адам тест тапшырды.

You may also like...