КЫРГЫЗТЕСТ: УЧУРДАГЫ ИШТЕР

         2022-жылдын 28-ноябрынан 2-декабрына чейин «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинде Бишкек шаарынын мэриясынын Свердлов району боюнча муниципалдык администрациясынын, Бишкек шаарынын мэриясынын №13 муниципалдык аймактык башкармалыгынын, Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, «Бишкек троллейбус башкармалыгы» муниципалдык ишканасынын, КР Экономика жана коммерция министрлигинин кызматкерлери, окумуштуулук даражаны изденип алуучулар жана Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууну көздөгөн адамдар үчүн «Кыргызтест» системасы боюнча мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тести өткөрүлүп, жалпысынан 140 адам тестке катышты.

        Ал эми мамлекеттик кызматкерлер арасында Ош облусунда уюштурулган мобилдик тест 3-декабрь күнү жыйынтыкталды. 28-ноябрдан 3-декабрга чейин Ош шаарында жалпысынан 417 адам тест тапшырды.

       Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлөрдөгү кызматкерлерине онлайн тест уюштуруу уланууда. Атап айтсак, Новосибирсктеги өкүлчүлүктүн жана Венгриядагы элчиликтин кызматкерлери онлайн тартибинде тестке катышышты.

You may also like...