КЫРГЫЗТЕСТ: УЧУРДАГЫ ИШТЕР
2024-жылдын 16–20-декабрь күндөрү бекитилген графикке ылайык “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин жана Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызматкерлери мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тестине катышып, жалпысынан 343 адам тест тапшырды.