КЫРГЫЗТЕСТ: ЖОЖДОР МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУ УЛАНУУДА

       2023-жылдын 19-июнунан 23-июнуна чейин «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинде М.М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин Мамлекеттик тил кафедрасынын окутуучуларына ««Кыргызтест» системасы боюнча деңгээлдештирилген тест тапшырмаларын иштеп чыгуу ыкмалары» аталышындагы окутуу семинары уюштурулду. Семинардын катышуучулары «Кыргызтесттин» тест тапшырмаларын түзүү, иштеп чыгуу процесси менен таанышышты. Бардык катышуучуларга семинардын жыйынтыгында сертификаттар тапшырылды.

You may also like...