КЫРГЫЗТЕСТ: УЧУРДАГЫ ИШТЕР

2024-жылдын 21-октябрынан 25-октябрына чейин «Кыргызтесттин» Бишкектеги кеңсесинде КР Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин, КР Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин, Бишкек шаарынын №6 жана №9 Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун, Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгынын жана КР Социалдык фондунун Панфилов райондук башкармалыгынын кызматкерлери мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестке катышты.

Аталган күндөрү «Кыргызтест» мекемесинин көчмө тобу Ош шаарында Ош облустук прокуратурасынын, Ош шаардык сотунун, КР Социалдык фондунун Чоң-Алай райондук башкармалыгынын, ⁠КР Юстиция министрлигинин Ош облустук башкармалыгынын кызматкерлеринин жана М. Адышев атындагы Ош технологиялык Университетинин, Ош мамлекеттик университетинин окутуучуларынын арасында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тест жүргүздү.

Бишкек шаары жана Ош облусу боюнча жалпысынан 717 адам тест тапшырды.

You may also like...