КЫРГЫЗТЕСТ – РОССИЯ ФЕДЕРАЦИЯСЫНДА

Мурда маалымдалгандай, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын жана Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин колдоосу менен «Эл аралык Эне тил күнүнө» карата Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети тарабынан бекитилген бир айлык иш планынын алкагында КР элчилигинде «Кыргызтест» системасы боюнча флешмоб түрүндөгү чакан тестти өткөрүү улантылып жатат.

Бүгүн, 2023-жылдын 14-февралында, Элчиликтин имаратында Москва шаарында жашап, эмгектенип жүргөн мекендештердин, анын ичинде “Москва кайрыктары” адабий клубунун мүчөлөрүнүн жана акын – жазуучулардын кыргыз тилин билүү денгээлин аныктоо боюнча тесттен өткөрүү ишке ашырылды.

Иш-чаранын жүрүшүндө, «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Б.Топоева-Ставинская катышуучуларга «Кыргызтест» системасы боюнча кенен маалымат берип, учурдагы жетишкендиктери тууралуу айтып өттү, ал эми мекендештер эне тил тууралуу ыр саптарын көркөм окуу менен бирге, тест тапшырышты. Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча комиссиясынын Төрагасы К.Осмоналиев менен «Zoom» аркылуу баарлашуу ишке ашырылды. Төрага тест тапшырып жаткан мекендештер менен сүйлөшүп, флешмобдун жүрүшү менен таанышты, ошондой эле бул иш-чаранын Москва шаарында өтүшүнө салымын кошкон бардык тараптарга ыраазычылык билдирди. «Эл аралык Эне тил күнүнө» арналган бул иш-чара саат 15:00дон баштап Евразиялык экономикалык комиссиясында улантылды.

Аталган ЕЭК министри А. О. Кожошев баш болуп, А. С. Омурбекова жана комиссиянын кызматкерлери тестке активдүү катышып, кыргыз жана орус тилдерден тест тапшырышты. РФте эмгектенип жаткан мекендештердин арасында флешмоб түрүндөгү чакан тест ушул жылдын 16-17-февралында Элчиликтин Санкт-Петербург шаарындагы Канцеляриясында да улантылмакчы.

You may also like...