«КЫРГЫЗТЕСТ»: КР ПРЕЗИДЕНТ АППАРАТЫ ТЕСТ ТАПШЫРУУДА

2022-жылдын 18-августунда Кыргыз Республикасынын Президент Аппаратынын кызматкерлеринин арасында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тест улантылды. Тестке тышкы саясат бөлүмүнүн, соттор жана прокуратуралар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн, чек ара маселелери боюнча атайын өкүлчүлүктүн, кырдаалдык борбордун, Президент администрациясынын жана Министрлер кабинетинин канцеляриясынын, Президенттин жана Министрлер кабинетинин актыларын чыгаруу бөлүмүнүн кызматкерлери катышышты.

 

You may also like...