2018-жылдын 11-июнунда

2018-жылдын 11-июнунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик материалдык резервдер фонду, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынын кызматкерлери «Кыргызтест» системасы аркылуу мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктап, тест тапшырышты.

Жалпысынан бул мекемелерден тестке 182 кызматкер келип, 5 субтест боюнча бардык тест тапшырмаларын аткарышты.

Катышуучуларга мекеменин жетекчиси презентация жасап, кызыктырган суроолоруна жооп берди.

Тест адаттагыдай эле, үч нөөмөттө өтүп, тест тапшыруучулар тесттин жүрүшү боюнча өз ой-пикирлерин билдирип кетишти.

         

You may also like...