МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНҮНӨ КАРАТА «КЫРГЫЗТЕСТ» МЕКЕМЕСИНДЕ АЧЫК ЭШИК КҮНДӨРҮ ӨТТҮ

       «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинде 2021-жылдын 22-23-сентябрь күндөрү Мамлекеттик тил күнүнө карата компьютердик жаңы тест программасы боюнча ачык эшик күндөрүнүн алкагында чакан тесттер уюштурулду.

       22-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышалыгындагы  элчиликтин атташеси Анарбеков Азамат Анарбекович жана  Кувейт Мамлекетиндеги элчиликтин атташеси Канымкулов Нурмухаммат Канымкулович флэшмоб түрүндөгү чакан тесттен онлайн тартибинде өтүштү. Ал эми 23-сентябрда аталган тестке Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эшимбеков Чынгыз Казыбаевич катышып, жаңы тест программасы менен таанышты.

       2021-жылдын 22-23-сентябрь күндөрү бардык каалоочулар «Кыргызтест» системасы менен таанышып, А1 – С1 деңгээлдери боюнча мамлекеттик тилден чакан тест тапшырууга мүмкүнчүлүк алышты.

You may also like...