БИРИНЧИ АЙЫМ АЙГҮЛ ЖАПАРОВАНЫН МОСКВАДА КЫРГЫЗСТАН АЯЛДАР КЕҢЕШИНИН МҮЧӨЛӨРҮ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУСУ

Кыргыз Республикасынын Биринчи айымы Айгүл Жапарова Москва шаарында 6-мартта өтө турган «Кыргызстан менен Россиянын аялдарынын келечек үчүн диалогу» аттуу биринчи кыргыз-россиялык аялдар форумуна катышуунун алкагында Кыргызстан Аялдар кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту.

Биринчи айым мекендештер менен жолугушуунун алдында иш-чара өткөн Кыргызстандын Элчилигинин ишмердүүлүгү менен таанышып, Ак калпак күнүнө карата кичинекей кыргызстандыктардын өнөрүн көрдү.

Айгүл Жапарова өз сөзүндө тынчтыкты жана элдердин ортосундагы достукту чыңдоодо аялдардын маанилүү ордун, буга далил катары Биринчи кыргыз-россиялык аялдар форумунун өткөрүлүшүн белгиледи.

Биринчи айым аялдардын коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык турмушка активдүү катышуусун баса белгиледи. Ал аялдардын социалдык ролу жөнүндө жаңы түшүнүктү калыптандырган чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн кыргыз аялдарын белгилеп өттү.

Ошондой эле Айгүл Жапарова Россияда жашаган мекендештерге көрсөткөн колдоосу үчүн россиялык тарапка ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Кыргызстан Аялдар кеңешинин өкүлдөрү Биринчи айымга көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, эки тараптуу кыргыз-россиялык аялдар форумунун ийгиликтүү өтөрүнө ишенимин билдиришти.

You may also like...