Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинде мамлекеттик тилдин ѳнүгүү жолу

         24-сентябрда «Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинде мамлекеттик тилдин ѳнүгүү жолу»  аттуу кереге кеңеш өттү.  Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу  Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын өкүлү Айгерим Сабыралиева, «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Батма Болоталиевна Топоева-Ставинская,  КР Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди ѳнүктүрүү секторунун жетектөөчү адиси Гульнара Уметбековна Ибраимова, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз тили» коомунун президенти Раимжан Раимжанович Курбанов жана проректорлор, түзүмдүк бөлүмдүн жетекчилери, кафедра башчылар, мамлекеттик тилге жооптуу кызматкерлер катышышты. Кереге кеңешке ЭАЖММ боюнча мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча жасалып жаткан иштер боюнча Мамлекеттик тил жана тил саясаты бөлүмүнүн башчысы Рима Зайыркулова презентация жасады. Декан Айнура Сатаркулова Негизги сабактар кафедрасында мамлекеттик тилде жасалып жаткан иштер жөнүндө  видео-презентация кылды. Ал эми Гуманитардык сабактар кафедрасында чет элдик студенттерге кыргыз тилин окутуу,  студенттер менен иш алып баруу жана жетишкендиктерге  токтолду. Ошондой эле Билим сапаты бөлүмүнүн башчысы Екатерина Самаева жана Эльмира Табалдиева кыргыз тилине которулган документтештирилген процедура, протоколдор, буйруктар жана башка иш кагаздарынын жазылышына токтолушту.

«Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин жетекчиси Батма Топоева-Ставинская «Кыргызтест» системасынын деңгээлдик талаптарына ылайык кыргыз тилин билүү деңгээлин аныктоо боюнча тест жүргүзүү иштери тууралуу баяндама жасады. БИМдин өкүлү Гульнара Ибраимова мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды  кыргыз тилинде окутуудагы дарыгер-адистердин жоктугу жана даярдоо боюнча сунуштарды берди.  Улуттук комисиянын өкүлү Айгерим Сабыралиева келечек муунубуз балдарга кыргыз тилин үйдөн сүйлөп, үйрөтүүгө көңүл бурууга токтолду.

            Кереге кеңештин акырында мамлекеттик тилде алгылыктуу иш алып барып жаткан ЭАЖММдин кызматкерлерин «Кыргыз тилин коомунун президенти Раимжан Курбанов куттуктоо менен «Кыргыз тилин коомунун «Ыйык тил» төш белгиси менен Декан Айнура Манасовна Сатаркулова, 5-курс б-ча декандын орун басары Жипара Калдыбаевна Мукамбетова,  Гуманитардык сабактар кафедрасынын окутуучусу Мунира Анаркуловна Кибраева, Гуманитардык сабактар кафедрасынын окутуучусу Азиза Арстанбековна Ажибекова сыйланышты.

Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин Ардак грамотасы менен Терапия кафедрасынын башчысы Назира Төрөбаевна Кудайбергенова, Табигый илимдер кафедрасынын окутуучусу Чынара Бактыбековна Айдыралиева, Акушердик жана гинекология кафедрасынын окутуучусу Болотбек кызы Бактыгүл сыйланышты.

     Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин Дипломдон кийинки окутуу деканатынын адиси Гулбахира Омурбековна Иманбаева, Патология кафедрасынын окутуучусу Марал Карабаевна Турдуматова, Негизги сабактар кафедрасынын улук лаборанты Мээрим Турдубековна  Турдубекова сый акы менен   сыйланышты. 

Мамлекеттик тилибиздин арышы Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинде кенен болсун!

You may also like...