2018-жылдын 12- апрелинде «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин заманбап техника менен жабдылган лингафондук
класстарында жүргүзүлгөн тесттен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 116 кызматчысы өтүп, «Лексика
Грамматика», «Окуу», «Жазуу», «Сүйлөө» «Угуу» субтесттери камтылган тапшырмаларды аткарышты.