КР Жогорку Кеңешиндеги жыйын

       Бүгүн, 2024-жылдын 22-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде жыйын болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев жана «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Cтавинская катышышты.
Иш-чараны Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчиси Алайбек Алымбаев ачып, 2023-жылдын 17-июлундагы №140 «Мамлекеттик тил жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын кабыл алынганын эске салып, Жогорку Кеңеш мамлекеттик тилге байланышкан мыйзамдын талаптарын аткарууда башка органдарга жана мекемелерге үлгү болушу жана кыргыз тилинде туура, так сүйлөө менен катар аны мыйзамдарда, башка документтерде колдонууда катачылыктарга жол бербөө керектигин баса белгиледи.
       Ал эми Каныбек Осмоналиев Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү жүргүзгөн иштери тууралуу кеңири маалымат берип, келечектеги пландары менен бөлүштү.
       «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Cтавинская «Мамлекеттик тил жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын натыйжалуу аткарылышы боюнча баяндама жасап, «Кыргызтест» системасы боюнча мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо тестинен өтүүнүн жол-жоболорун, «Жазуу» субтестинде көп кезиккен каталар жана «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин акыркы 5 жыл аралыгында аткарган иштери, алдыга койгон пландары жөнүндө кеңири маалымат берди.
Иш-чара «Кыргызтесттен» өтүүдөгү жагдайлар боюнча суроо-жооп, талкуу менен жыйынтыкталды.
Жыйындан сырткары ЖК депутаттарынын жана Аппарат кызматкерлеринин арасында флешмоб түрүндө чакан көнүгүү тесттери уюштурулду.

You may also like...