КЫРГЫЗТЕСТ: 2024-ЖЫЛДЫН 14-19-ОКТЯБРЫНДАГЫ ТЕСТТЕР

       2024-жылдын 14-19-октябрь күндөрү бекитилген графикке ылайык Чүй облустук статистика башкармалыгынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын, Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай курулушу жана шаар куруу департаментинин, Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн, Октябрь административдик району боюнча Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаары, түндүк жана түштүк региондору боюнча эсепке алынбаган товарлар менен иштөө башкармалыгынын, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Свердлов райондук башкармалыгынын жана А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын кызматкерлеринин арасында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тести жүргүзүлдү.

«Кыргызтесттин» көчмө тобу бул күндөрү Ош облусунун мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин арасында тест жүргүзүүнү улантты. Ош шаарында Улуттук статистика комитетинин жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Ош облусундагы башкармалыктарынын кызматкерлери тестке катышып, мамлекеттик тилди билүү деңгээлдерин аныкташты.

Аталган күндөрү Бишкек шаары жана Ош облусу боюнча жалпы  401 кызматкер тест тапшырды.

You may also like...

jojobetcasino siteleriDeneme Bonuslarcasibom girişcasibomcasibom girişcasibomcasibomcasibomcasibom girişcasibom 726Bonus veren sitelerCasibom 2024 - 2025Canlı BahisBedava deneme bonusucasibom güncel girişcasibomcasibomcasibom