КЫРГЫЗТЕСТ: СОКУЛУК РАЙОНУНДАГЫ ФЛЕШМОБ

       2023-жылдын 28-мартында «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси Чүй облусуна караштуу Москва жана Сокулук райондорунун мектеп директорлорунун, мугалимдердин, бала бакча башчыларынын жана башка билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин, ошондой эле мамлекеттик мекемелердин кызматкерлеринин арасында флешмоб форматындагы чакан тесттерди уюштурду. Тест А1 деңгээлинен С1 деңгээлине чейин жүргүзүлүп, жалпысынан 150 адам чакан тестке активдүү катышты. С1 деңгээли боюнча жогорку жыйынтыкка ээ болгон катышуучуларга «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин белектери тапшырылды. Мындан тышкары, «Кыргызтесттин» мобилдик тиркемесине кызыгуу чоң болуп, тестке катышкандар телефондоруна жүктөтүп алып жатышты.

You may also like...