КЫРГЫЗТЕСТ: СЕРТИФИКАТ ТАПШЫРУУ

       Бүгүн, 2023-жылдын 21-февралында КР Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы «Инновациялык борбор» мамлекеттик мекемесинде Эл аралык эне тил күнүнө арналган иш-чарада «Кыргызтест» системасы боюнча мамлекеттик тилди билүү деңгээлин тастыктаган сертификаттарды салтанаттуу тапшыруу болуп өттү. «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Батма Болоталиевна Топоева-Ставинская мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо тестинен ийгиликтүү өткөн «Инновациялык борбор» мамлекеттик мекемесинин 13 кызматкерине тиешелүү деңгээлдеги сертификаттарды тапшырды.

You may also like...