«КЫРГЫЗТЕСТ»: ТЕСТКЕ КР ПРЕЗИДЕНТИНИН АППАРАТЫНЫН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КАТЫШУУДА

«Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинде Министрлер кабинетинин Төрагасы А.У. Жапаров бекиткен тест графигине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын кызматкерлери мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тест тапшыра башташты.

2022-жылдын 9-августунда тестке саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги, реформалардын саясатын иштеп чыгуу жана реализациялоо, изилдөөлөр бөлүмүнүн башчысы жана ТӨМ, өнүгүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү, донордук жана гранттык жардамга мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн, экономикалык саясатты изилдөө институтунун кызматкерлери катышышты. Бардык катышуучулар тесттен ийгиликтүү өтүшкөндүктөн, тест жыйынтыгы боюнча тиешелүү деңгээлдеги сертификаттар берилди.

2022-жылдын 17-августунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын эксперттеринин арасында тест жүргүзүү улантылды.

You may also like...