2015-жылдын 28-октябрында Бишкек шаарынын Саламаттык сактоо департаментинин (үй-бүлөлүк борборлордун) кызматкерлери Кыргызтест сынагынан өтүштү

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» 2014-жылдын 6-июнундагы № 119 Жарлыгына ылайык, КЫРГЫЗТЕСТ системасында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди тесттен өтүү тартиби менен тааныштыруу үчүн баамдоо тестин өткөрүү улантылууда.

    

    
Атап айтсак, бүгүн, 28-октябрда, КЫРГЫЗТЕСТтин баамдоо тестинен Бишкек шаарынын Саламаттык сактоо департаментинин (үй-бүлөлүк борборлордун) 16 кызматкери өттү.

You may also like...