«КЫРГЫЗТЕСТ»: КАРАКОЛ ШААРЫНДАГЫ ЖЫЙЫН

2022-жылдын 12-июлунда Каракол шаарында «Мамлекеттик тил саясаты жана улуттук нарк» аталышындагы жыйындын жыйынтыктоочу күнү өттү.

Аталган иш-чараны Ысык-Көл облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы К. Кооманов куттуктоо сөзү менен ачты. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы К.О. Осмоналиевдин баяндамасы «Ысык-Көл облусунда мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышы, мамлекеттик мекемелеринин иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүнүн абалы жана нарктуу мамлекеттик кызматчыны калыптандырууда мамлекеттик тилге көңүл буруу маселелери» деген темага арналды. Ошондой эле «Улутсофт» компаниясынын директору М. Окенов баяндама жасады. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А. Султанбаева катышты.

«Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин иши тууралуу мекеменин директору Б.Б.Топоева-Ставинская айтып берди. Ал өз баяндамасында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо тестин жүргүзүү боюнча жигердүү иштерден тышкары ТРКО (орус тилин расмий тил катары баалоо тести) ишке киргизилип жаткандыгын жана ошондой эле жарандарыбызга онлайн тартибинде тесттен өтүү мүмкүндүгү каралгандыгын белгиледи.

Баяндамачылар жыйынга катышкандардын суроолоруна жооп беришкенден кийин жумушчу топ Ысык-Көл облусундагы мекемелердин иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүн кароону улантышты.

Каракол шаары

You may also like...