“Кыргыз тилинин жыштык сөздүгүнүн” бет ачары болду

Бүгүн, 29-январда, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында 60тан ашуун китептердин бет ачары болуп өттү. Анын ичинде Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун негизинде жарык көргөн “Кыргыз тилинин жыштык сөздүгү” да бар.

    
“Кыргыз тилинин жыштык сөздүгүндө” кыргыз тилиндеги сөздөрдүн колдонулушу боюнча көрсөткүчү камтылган. Сөздүк тилдин лингвистикалык корпусун калыптоодо, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүдө, электрондук сөздүктөрдү түзүүдө колдонулат. Аталган сөздүктү иштеп чыгуу демилгесин көтөрүп, аны түзүүгө жетекчилик кылган Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин Улуттук тест жүргүзүү борборунун “КЫРГЫЗТЕСТ” түзүмүнүн башчысы Батма Топоева-Ставинскаянын айтымында бул сөздүктү түзүү “КЫРГЫЗТЕСТ” түзүмүнүн негизги усулдук-ченемдик документи болгон “Лексикалык минимумду” илимий негиздеги статистикалык принципте иштеп чыгуу зарылчылыгынан келип чыккан.

    
Белгилесек, буга чейин кыргыз тилинин тарыхында эки жыштык сөздүгү түзүлгөн. Алар: Р.Ахмедьянов, А.Быков, Ю.Гончаровалардын 8459 сөздү камтыган “Кыргыз тилчи-илимпоз Карбоз Дыйкановдун лирикасы боюнча жыштык сөздүгү” жана 13658 сөз бирдигинен турган К.Кулалиеванын“ Кыргыз тилинин жыштык сөздүгү”. Ал эми учурда басылып чыккан “Кыргыз тилинин жыштык сөздүгүнө” адам баласынын жашоо-тиричилигинин бардык тармактарында колдонулган, ошондой эле, мамлекеттик кызматчылар, каржы тармагындагы кызматчылар, массалык маалымат каражаттарында жыш колдонулуучу 60 миңден ашуун сөз кирген. Жыштык сөздүгүн түзүүдө КЫРГЫЗТЕСТ түзүмүнүн жалпы жамааты катышты.

You may also like...