КЫРГЫЗТЕСТ: УЧУРДАГЫ ИШТЕР

«Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тест жүргүзүүнү Бишкек жана Ош шаарларында улантууда.

21-ноябрдан 25-ноябрга чейин Бишкек шаарында Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкектеги аза кызматтарын көрсөтүү агенттиги» муниципалдык ишканасынын, Чүй облусунун Сокулук районунун Гавриловка айыл аймагынын, Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын, Бишкек шаарынын мэриясынынБиринчи май району боюнча муниципалдык администрациясынын, Улуттук статистика комитетининСтатистикалык изилдөө жана квалификацияны жогорулатуу институтунун жана Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын Свердлов райондук билим берүү борборунун кызматкерлери үчүн «Кыргызтест» системасы боюнча мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тести өткөрүлүп, жалпысынан 78 адам тестке катышты.

Ал эми Ош шаарында Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин, Ош шаарынын мамлекеттик салык кызматынын, Ош мамлекеттик университетинин, Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин, Ош техникалык университетинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн, Ош облусунун Кара-Суу жана Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрацияларынын кызматкерлери үчүн мобилдик тест өткөрүлүп, жалпысынан 325 адам тест тапшырды.

Бүгүн, 2022-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Д.Т. Жаныкулов тестке катышты.

Тестке келген адамдар «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин ишмердигин жогору баалап, тестти даярдоодо кыргыз элинин улуттук нукура баалуулуктарына көңүл бурулгандыгын белгилешүүдө.

Тест жүргүзүү бекитилген графиктерге ылайык уланууда.

You may also like...