КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ – КЫРГЫЗТЕСТТЕ

          Бүгүн, 2023-жылдын 21-ноябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесине келип, өлкөнүн мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоочу ыйгарым укуктуу мекемесинин иши менен таанышып кетти.

          Э.Ж. Байсаловду КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы К.О. Осмоналиев менен «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору  Б.Б. Топоева-Ставинская тосуп алышты.

          Эдиль Жолдубаевич мекеменин жайгашкан орун жайына жана тест жүргүзүү шарттарына көңүл буруп, учурдагы көйгөйлүү маселелерин укту.

          Ошондой эле деңгээлдик тест системасы менен таанышуу иретинде бардык беш субтест камтылган чакан тесттен өтүп, өзүнүн ой-пикирин билдирди.

          Жыш иш графигинен убакыт таап, «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесине атайын көңүл буруп келгендиги үчүн  КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Жолдубаевич Байсаловго терең ыраазычылык билдиребиз!

You may also like...