«КЫРГЫЗТЕСТ»: НАРЫНДА ТЕСТ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

2022-жылдын 3-5-август күндөрү Нарын облусуна караштуу Нарын, Кочкор, Жумгал, Ак-Талаа райондорунун жана Нарын шаарынын райондук администрацияларынын, салык кызматынын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын, облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери жалпысынан 217 адам тестке катышып, мамлекеттик тилди билүү деңгээлдерин аныкташты.

Нарын аймагында жүргүзүлгөн тестке катышкан жарандарыбыз «Кыргызтест» мекемесинин мобилдик тобунун ишине жогору баа берип, тестти мыкты уюштургандыгы үчүн терең ыраазычылыктарын билдиришти.

You may also like...