КЫРГЫЗТЕСТ: 2022-ЖЫЛДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ

«Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинде 2022-жылда аткарылган иштердин жыйынтыктыгын чыгаруу боюнча жыйын өтүп, төмөндөгүлөр белгиленди:

  • 2022жылы мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо тестине жалпысынан 6 799 адам катышкандыгы;
  • 2022-жылы «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинде жаңы багыттагы тесттер киргизилгендиги:
  • окумуштуулук даражаны изденип алуучулар үчүн мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо боюнча;
  • Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууну көздөгөн чет элдиктер үчүн А1 деңгээлинен ТРКО боюнча тесттер.
  • Көчмө топто жүргүзүлгөн мобилдик тесттерге 2022-жылы Ош, Жалал-Абад, Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарында 3020 адам катышкандыгы;
  • Онлайн тесттери уюштурулуп, Кыргыз Республикасынын Австрия, Улуу Британия, Венгрия, Германия, Казакстан, Катар, Кытай, Бириккен Араб Эмирликтери, Пакистан, Россия Федерациясы, Сауд Арабиясы, АКШ, Тажикстан, Швейцария жана Япония мамлекеттериндеги элчиликтеринин жана өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери онлайн тестке катышкандыгы;
  • Мамлекеттик тилдин бир айлыгынын алкагында кыргыз тилин үйрөнүүгө кызыгууну арттыруу максатында бир катар министрликтерде жат жазуу өнөктүгү өткөндүгү жана «Бишкек парк» соода борборунда, «Манас» аэропортунда, Чүй мамлекеттик университетинде флешмобдор (чакан тесттер) уюштурулгандыгы.

Мекеменин иши жалпысынан канааттандырарлык деп бааланып, жыйындын соңунда 2023-жылга каралган өнүгүү планы талкууланды, иштин негизги багыттары белгиленди.

 

You may also like...