«Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин көчмө тобу Ош облусундагы мобилдик тестти жыйынтыктап, Баткен облусунда мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча мобилдик тест жүргүзүүнү улантууда.
2023-жылдын 23-28–октябрь күндөрү Ош облусу боюнча Өзгөн районунун мамлекеттик кызматчылары, Ош шаарынын мэриясынын, КР Улуттук банкынын Ош облусундагы башкармалыгынын, Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын кызматкерлеринин арасында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тести жүргүзүлдү. Ал эми Баткен облусунда тестке Кызыл-Кыя, Лейлек, Баткен райондорунун мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылары тест тапшырышты.
«Кыргызтесттин» Бишкектеги кеңсесинде 2023-жылдын 23-28-октябрь күндөрү КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын, КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын алдындагы Диний кырдаалды изилдөө борборунун, Сокулук районунун Фрунзенский айыл аймагынын Фрунзе айыл өкмөтүнүн, Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу агенттигинин жана КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин арасында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тести жүргүзүлдү.
Аталган күндөрү Ош, Баткен облусу жана Бишкек шаары боюнча жалпы 552 кызматкер тест тапшырды.
Баткен облусундагы мобилдик тест Баткен шаары, М.Салихов көчөсү, 23 дарегинде жайгашкан В.И.Ленин атындагы орто мектебинин электрондук китепканасында өтүүдө.
Кошумча маалымат: Баткен шаарында мобилдик тесттер 2023-жылдын 04-ноябрына чейин өткөрүлөт. Тесттен өтүү, деңгээлди жогорулатуу жана субтесттерди кайра тапшыруу боюнча толук маалыматты +996 772 288 886 телефону аркылуу алууга болот.
«Кыргызтест» системасы боюнча жүргүзүлгөн бардык тесттер толук көлөмдө «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин сайтында онлайн көрсөтүлүп, видеого жазылып турат.
КУЛАКТАНДЫРУУ!
Урматтуу тест тапшыруучулар!
«Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси саат 9:00дон 18:00го чейин иштейт, түшкү тыныгуу саат 12:00дон 13:00го чейин болот.
Тест алдын ала бекитилген график боюнча эки нөөмөттө жүргүзүлөт.
➽ Биринчи нөөмөткө каттоо саат 9:00до башталат
➽ Экинчи нөөмөткө каттоо саат 13:00до башталат
Тест акысы төлөнбөгөн учурда тестке катышууга уруксат берилбейт (КР 2014-жылдын 17-июлундагы №139 «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» Мыйзамынын 2-главасынын 7-беренесинин 1, 2-пункттарынан тышкары)
Төлөмдү төлөө жолдору:
● каалаган банктын бөлүмүндө;
● «О! Деньги» тиркемеси жана «RSK24» мобилдик тиркемеси аркылуу;
● MegaPay электрондук капчыгы аркылуу.
Компьютердик класстагы орундар чектелүү болгондуктан, тестке алдын ала жазылып, графикти макулдашып келүүңүздөрдү өтүнөбүз.
Көңүл буруңуздар!
Сертификаттар шаршемби жана жума күндөрү саат 14:00дон 17:00го чейин берилет (алдын ала табыштама калтыруу аркылуу)
Кошумча маалымат алуу үчүн телефон номурлары:
☎ +996 555 000 661
☎ 0 312 886 917
✅ Администрация
ТЕСТТИ КАЙРА ТАПШЫРУУ БОЮНЧА МААЛЫМАТ
Тест жыйынтыгына жараша кайра тапшырууга төмөндөгүдөй тартипте жол берилет:
• 50-59 балл болгон учурда – 3 жумушчу күндөн кийин;
• 40-49 балл болгон учурда – 10 жумушчу күндөн кийин;
• 40 баллдан төмөн болгон учурда – 1 айдан кийин
ТЕСТ АКЫСЫ
Алуучу: «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси Алуучунун банкы: КР борбордук казыналыгы Төлөм коду: 14235400 Төлөмдүн багыты: Мамлекеттик тил боюнча тест жүргүзүү үчүн төлөм Эсептешүү эсеби: 4402031102003679 БИК: 440001 Баасы: 450 сом Бир субтестти кайра тапшыруу баасы: 90 сом