СЕРТИФИКАТ ТАПШЫРУУ: ЖАШТАР ИШТЕРИ, ДЕНЕ ТАРБИЯ жанаСПОРТ МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ

СЕРТИФИКАТ ТАПШЫРУУ: ЖАШТАР ИШТЕРИ, ДЕНЕ ТАРБИЯ жана СПОРТ МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы №757 токтомунун алкагында 2018-жылы жүргүзүлгөн тесттин жыйынтыгы менен жогоруда аталган агенттиктин кызматкерлерине сертификаттарды расмий тапшыруу аземи өткөрүлдү. Бул расмий иш-чарада аталган мекеменин тестке катышкан 54 кызматкердин ичинен 51 кызматкер сертификатка ээ болду. Агенттиктин статс-катчысы Н. А. Бардинова сөз сүйлөп, мындай жетишкендикти көрсөтүү үчүн мекемеде алдын-ала көп иштер жүргүзүлгөндүгүн жана мындан ары да кызматчылардын тилди билүү деңгээлин жогорулатуу үчүн аракеттер жасала тургандыгын баса белгиледи. Мекеме жамааты «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесине тестти жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн ыраазычылыктарын айтып жатышты.

You may also like...