Кыргыз Республикасынын Президент Аппаратынын кызматчылары биринчилерден болуп мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тестинен өтүштү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы №757 токтомунун негизинде бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар жалпы милдеттүү тесттен өтө башташты. Тест «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинде, Бишкек шаарындагы Т.Саманчин көчөсү, 6а дарегинде жана «Кыргызтест», мамлекеттик мекемесинин көчмө тобунун жол картасына ылайык Кыргызстандын бардык аймактарында жүргүзүлөт.

2018-жылдын 10- апрелинде тест үч нөөмөттө жүргүзүлүп, алгачкылардан болуп тесттен Кыргыз Республикасынын Президент Аппаратынын 88 кызматчысы жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил комиссиясынын 13 кызматкери өттү.

Заманбап техника менен жабдылган лингафондук класстарда жүргүзүлгөн тесттерге «Лексика Грамматика», «Окуу», «Жазуу», «Сүйлөө» «Угуу» субтесттери камтылды.

 

You may also like...