ЛЕЙЛЕКТЕ “УЛУТ НАРКЫ УЛУУ ТИЛ” АТТУУ ЖЫЙЫН БОЛДУ

        Бүгүн, 24-октябрда Баткен облусунун Лейлек районунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын аткарылышы тууралуу жыйыны өттү.
Жыйынга КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев, «Кыргызтест»мамлекеттик мекемесинин директору БатмаТопоева-Ставинская, Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими Канимет Осмонбеков, шаар мэри, район активи, кадр, иш кагаздар менен иштөө бөлүмдөрүнүн адистери жана мугалимдер катышты.
Жыйында “Лейлек районундагы мамлекеттик тилдин абалы, иш кагаздарынын жүргүзүлүшү, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык Мыйзамы тууралуу” маселелер каралып, аталган темалар боюнча тиешелүү жетекчилер баяндама жасашты.
Жыйын соңунда каралган маселелер боюнча талкуу болуп, кайрылуу кабыл алынып, Мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө салым кошкон райондун мыктыларына КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын сыйлыктары тапшырылды.

Булак: “Баткен таңы” облустук гезити

You may also like...