«КЫРГЫЗТЕСТ»: БАТКЕНДЕГИ ЖЫЙЫН

Бүгүн, 2022-жылдын 24-июнунда, «Мамлекеттик тил саясаты жана улуттук нарк» аталышындагы жыйын Баткен шаарында улантылды.

Бул жыйында күн тартибиндеги эки негизги маселе каралды:

  1. «Мамлекеттик органдарда мамлекеттик тилдин колдонулушу жана абалы жөнүндө» КР Министрлер Кабинетинин 30.04.2022. №15 Протоколдук тапшырмасынын аткарылышы;
  2. КР Президентинин «Улуттук нарк жөнүндө» 2022-жылдын 20-майындагы №157 Жарлыгынын аткарылышы.

Жыйынды  Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.К. Алимбаев куттуктоо сөзү менен ачты. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы               К.О. Осмоналиев «Баткен облусунда мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышы, мамлекеттик мекемелеринин иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүнүн абалы жана нарктуу мамлекеттик кызматчыны калыптандырууда мамлекеттик тилге көңүл буруу маселелери» деген темада баяндама жасады. «Улутсофт» компаниясынын өкүлү У. Баялиевдин баяндамасы «Жасалма интеллект жана мамлекеттик тил» деген темада болду.

«Кыргызтест» мекемесинин директору Б.Б.Топоева-Ставинская «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү орду жана алдыдагы максаттары тууралуу айтып берди.

Жыйындын катышуучулары суроолорго жооп беришкен соң мэриянын өкүлдөрү, билим берүү мекемелеринин жетекчилери, айыл өкмөттөрүнүн башчылары, коомдук ишмерлер, жаштар жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен бирге ишти андан-ары улантышты.

You may also like...