КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ – КЫРГЫЗТЕСТТЕ

Бүгүн, 2024-жылдын 7-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы В.К. Раимбачаева Жогорку Кеңештин аппарат кызматкерлеринин коштоосунда «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесине келип, мекеменин иши менен жеринде таанышуу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев тарабынан мекемеге атайын бөлүнүп берилген Mercedes-Bens Sprinter автоунаасын тапшырды. Бул автоунаа тестти республиканын бардык аймактарында, көчмө топто эффективдүү жүргүзүүсүнө керектелет.

Жолугушууга катышкан Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Саясий жана экономикалык изилдөөлөр бөлүмүнүн саясатты иштеп чыгуу, мониторинг жана реформаларды талдоо бөлүмүнөн К.Б. Жанузакова жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы М.К. Мураталиев өз ойлорун билдиришип, бул улуттук системабыздын өнүгүүсүнө кошкон чоң салым экендигин билдиришти.

Өз кезегинде «Кыргызтесттин» директору Б.Б. Топоева-Ставинская КР Жогорку Кеңешинин Төрагасы Н.Т. Шакиев буга чейин 12 компьютер жана 1 сервер бөлүп бергендигин да белгиледи.

«Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин жалпы жамааты эң чоң көйгөйлүү маселесин чечип бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине терең ыраазычылык билдирет!

You may also like...