ЖАҢЫ КЫЗМАТТАШУУ: «КЫРГЫЗТЕСТ» МАМЛЕКЕТТИК МЕКЕМЕСИ – КЫРГЫЗСТАНДЫН «КОТОРМОЧУЛАР СОЮЗУ»

       2020-жылдын 19-февралында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин имаратында «Кыргызтесттин жаңы кадамдары»  жана «Кыргызстандагы котормочулук коомчулуктарын өнүктүрүү» темасында конференция болуп өттү. Конференция Кыргызстандын «Котормочулар союзу» коомдук бирикмеси менен биргеликте  тилдик жана маданий ар түрдүүлүккө, көп тилдүүлүккө көмөк көрсөтүү максатында ар жыл сайын 21-февралда белгиленүүчү Эл аралык эне тил күнүн майрамдоого  карата уюштурулду.

         Конференцияга филология жаатындагы адистер, лингвисттер жана Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайларынын котормо жана котормо таануу бөлүмдөрүнүн  профессорлору, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын адистери, көз карандысыз котормочулар жана котормо компаниялары ошондой эле котормо таануу факультеттеринин студенттери катышышты.

         Конференциянын жүрүшүндө тилди өнүктүрүү, котормо жана котормо таануу жаатындагы адистердин мамлекеттик жана расмий тилди билүү деңгээлдери, жазуу котормосун оптималдаштыруу боюнча жаңы технологияларды ошондой эле кызмат көрсөтүүлөрдү каттоодо жана сертификациялоодо Европа өлкөлөрүнүн тажрыйбаларын киргизүү маселелери талкууланды.

       Ошондой эле катышуучулар үчүн мамлекеттик тил боюнча флешмоб түрүндө мини-тест уюштурулуп, өз билим деңгээлин текшерүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.   

       Бул конференция «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси менен Кыргызстан «Котормочулар союзу» коомдук бирикмесинин жигердүү кызматташуусуна жол ачты.

You may also like...