КЫРГЫЗТЕСТ: МОСКВАДАГЫ МАДАНИЙ КЕЧЕ

       2023-жылдын 19-октябрында Москва шаарындагы В.В. Жириновский атындагы Дүйнөлүк цивилизация университетинде мекендештер маданий кече уюштурушту. Кечеге КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын (МТСУК) төрагасы, профессор К.О. Осмоналиев жана «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Б.Б. Топоева-Ставинская катышты. Кеченин алкагында маданияттын мыкты кызматкери У. Билалов манас айтып, андан соң Москвадагы кыргыз коомчулугундагы кыргыз тилинин абалы тууралуу КР Президентине караштуу МТСУК РФ коомдук өкүлү Б.Ш. Бапанов айтып берди.
КР Президентине караштуу МТСУК төрагасы, профессор К.О. Осмоналиев өзүнүн иш пландары жана аракеттери боюнча сүйлөп, эл менен баарлашты.
«Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Б.Б.Топоева-Ставинская мекендештердин суроолоруна жооп берип, мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо системасы жөнүндө кеңири маалымат берди.
Кеченин жүрүшүндө “Таң чолпон” комузчулар ансамблинин коштоосунда кыргыз күүлөрү жаңырып, ырлар көркөм окулуп, мекендештер арасындагы маданий кече жакшы маанайда жыйынтыкталды.

You may also like...