«КЫРГЫЗТЕСТ» баамдоо тестин жүргүзүүдө

Бүгүн, 2017-жылдын 10-февралында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Улуттук тест жүргүзүү борборунун «КЫРГЫЗТЕСТ» башкармалыгы Бишкек шаарынын жалпы билим берүү мекемелеринин 11-классынын бүтүрүүчүлөрүн компьютердик баамдоо тестинен өткөрдү. Алгачкылардан болуп, бекитилген графикке жараша эки нөөмөттө №6 орто мектептин бүтүрүүчү класстары өтүштү.

     
Тесттин ачылышында «КЫРГЫЗТЕСТ» башкармалыгынын башчысы Б. Б. Топоева-Ставинская аталган тестке жоопкерчилик менен мамиле жасоо керектигине басым жасап, бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 6-июнундагы №119 Жарлыгы боюнча республикабыздагы жалпы билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүн 2017-жылы мамлекеттик тил боюнча милдеттүү түрдө тапшыра турган тестке даярдык көрүү максатында жүрүп жаткандыгына токтолду.

Окуучулар 5 субтест («ЛЕКСИКА.ГРАММАТИКА», «ОКУУ», «УГУУ», «ЖАЗУУ», «СҮЙЛӨӨ») боюнча тест тапшырмаларын аткарышып, өздөрүнүн мамлекеттик тилди билүү деңгээлдерин аныкташты.

Аталган баамдоо тестинен үстүбүздөгү жылдын 10-февралынан 27-февралына чейин Бишкек шаары боюнча 700гө жакын бүтүрүүчү өтө турган болду.

You may also like...