Тест жүргүзүүнүн тиешелүү системасынын түзүлүүсү мамлекеттик тилди үйрөтүүдө орчундуу мааниге ээ

Бүгүн, 9-мартта, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Улуттук тест жүргүзүү борборунун КЫРГЫЗТЕСТ түзүмү “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасын” ишке ашыруу мөөнөттөрү боюнча жогорку жана атайын кесиптик билим берүүчү окуу жайлардын мамлекеттик тил адистери үчүн окутуу семинарын өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө КЫРГЫЗТЕСТ түзүмүнүн жетекчиси Батма Топоева-Ставинская түзүм тарабынан комплекстүү аткарылып жаткан иш-чаралардын багыты жана тест жүргүзүү иштери менен тааныштырды. Маалыматка ылайык, 2017-жылдан баштап жалпы билим берүүчү мекемелердин бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик тилди билүү деңгээли В1 деңгээлине туура келиши керек болсо, 2018-жылдан баштап башталгыч, орто кесиптик жана жогорку билим берүүчү окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнүн тил билүүсү В2 деңгээлине дал келүүсү абзел.

     
Бул багытта семинардын катышуучулары республиканын жогорку жана атайын кесиптик билим берүү системасында окутуунун тили катары мамлекеттик тилди колдонууну кеңейтүү, заманбап усулдарды колдонуу аркылуу окутуу системасын жакшыртуу, бирдиктүү стандарттарды ишке ашыруунун шарттарын түзүү маселелери боюнча кеңири талкуу жүргүзүштү.
Эске салсак, КЫРГЫЗТЕСТ түзүмү дүйнөлүк тажрыйбалардын жоболорунун жана принциптеринин негизинде кыргыз тилин баштапкы – А1, А2, орто – В1, В2 жана жогорку – С1 деңгээлдерде билүүгө коюлган талаптарды иштеп чыкты. Кыргыз тилин мамлекеттик жана чет тил катары билүү деңгээлдеринин системасынын иштелип чыгуусу жана тест жүргүзүүнүн тиешелүү системасынын түзүлүүсү кыргыз тилин үйрөтүүнүн азыркы кездеги теориясы менен практикасы үчүн орчундуу мааниге ээ.

You may also like...