КЫРГЫЗТЕСТ: СОКУЛУКТАГЫ ЖЫЙЫН

       2023-жылдын 29-мартында «Мамлекеттик, муниципалдык органдардагы мамлекеттик тилдин абалы» аталышындагы жыйын Сокулукта өттү.

       Иш-чарага КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы К. Осмоналиев, «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Б.Б. Топоева-Ставинская, КР Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Г.А. Кыштообаева, Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы И.А. Ташкулов, Москва райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Н.Э. Козуев, Шопоков шаарынын мэри А.Т. Бекболотов, шаардык мамлекеттик администрацияларынын жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышышты.

       Жыйында мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышы, мамлекеттик мекемелердин иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүнүн абалы жана көрнөктөрдүн абалы тууралуу маалыматтар айтылды. «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин иши жана алдыдагы максаттары тууралуу «Кыргызтест» мекемесинин директору Б.Б. Топоева-Ставинская айтып берди.

You may also like...