КЫРГЫЗТЕСТ: КР ТРАНСПОРТ ЖАНА КОММУНИКАЦИЯЛАР МИНИСТРЛИГИНДЕГИ ЖЫЙЫН

       2023-жылдын 14-апрелинде Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде «Мамлекеттик органдардагы мамлекеттик тилдин абалы» аттуу жыйын болду.

       Жыйынга КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы К.О. Осмоналиев, КР Президентинин Администрациясынын изилдөөлөр, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары О.Э. Капалбаев, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары А.А. Досалиев, Кыргызтест мамлекеттик мекемесинин директору Б.Б. Топоева-Ставинская, КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин аппарат кызматкерлери, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери катышышты.

       КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы К.О. Осмоналиев «Мамлекеттик, муниципалдык органдардагы мамлекеттик тилдин колдонулушу: «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» КР Мыйзамынын аткарылышы тууралуу баяндама жасады. Ал эми «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин иши жана алдыдагы максаттары тууралуу мекеменин директору Б.Б. Топоева-Ставинская айтып берди. Ошондой эле аталган министрликтеги мамлекеттик тилдин абалы боюнча министрдин орун басары маалымат берди.

You may also like...