КЫРГЫЗТЕСТ: УЧУРДАГЫ ИШТЕР

«Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тест жүргүзүүнү улантууда. 2024-жылдын 19-22-февраль күндөрү «Кыргызтесттин» кеңсесинде Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин,Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгы, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кызматкерлеринин арасында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тести жүргүзүлдү. Жалпы 210 кызматчы тест тапшырды.

You may also like...