КЫРГЫЗТЕСТ: УЧУРДАГЫ ИШТЕР

2024-жылдын 24-июнь – 05-июль  күндөрү бекитилген графикке ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин, Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Тышкы соода чөйрөсүндөгү «Бирдиктүү терезе» борбору» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо боюнча тестке катышты.

Аталган күндөрү жалпы 514 кызматчы тест тапшырган.

You may also like...