КЫРГЫЗТЕСТ: ТҮРК ТИЛДҮҮ ЭЛДЕРДИН ЭЛ АРАЛЫК ТИЛ ФОРУМУ БОЛУП ӨТТҮ

       Бүгүн Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынышынын 34 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия КР Президентинин Администрациясынын жана эл аралык Түрксой уюмунун колдоосу менен Кыргызстанда биринчи жолу Түрк тилдүү элдердин эл аралык тил форумун өткөрдү. Бул форумга Түркия, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Каракалпак, Түркмөнстан, Россиянын Якутия, Алтай аймактарынан жана Венгрия, Германиядан жалпы 60ка жакын адам келди. Ал эми форумга 300гө жакын адам катышты.

Форумга Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы С.Касмамбетов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.Азыгалиев жана башкалар катышты.

            Форумда кызыктуу илимий баяндамалар болду: Мусаев Сыртбай Жолдошович – Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги. «Түрк тилдеринин жазуу системасы жана аны унификациялоо принциптери» (КЫРГЫЗСТАН); Садыков Ташполот Садыкович – К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети, ф.и.д., профессор. «Түркологиянын морфонологиялык парадигмасындагы теориялык жылыштар жөнүндө» (КЫРГЫЗСТАН); Күдеринова Куралай Бимолдиновна – Тил таануу институту «Ахмет таануу» бөлүмүнүн башчысы, ф.и.д., профессор. «Казак тилинин сүйлөө ченеминдеги процесстер» (КАЗАКСТАН); Абдиев Мурадкасим Болбекович – Самарканд мамлекеттик чет тилдер институту, ф.и.д., профессору. «Жаңы Өзбекстан» коомун куруу процессинде мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жолдору жана келечеги» (ӨЗБЕКСТАН); Абдиназимов Шамшетдин Нажимович – Каракалпакстан мамлекеттик университети, ф.и.д., профессор. «Эгемендик жылдарындагы каракалпак тилинин өнүгүүсү» (КАРАКАЛПАКСТАН); Нергис Бирай – доктор (PhD), профессор. «Түрк дүйнөсүндөгү орток алфавит» (ТҮРКИЯ) ж.б.

       «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Батма Болоталиевна Топоева-Ставинская “Тилди билүү деңгээлин баалоонун лингводидактикалык негиздери” аттуу темада баяндама жасап, Кыргыз Республикасында түрк тилдүү мамлекеттердин тесторлор ассоциациясын түзүүнү сунуштады.

            Форумдун соңунда Бишкек декларациясы кабыл алынды.

 

You may also like...