КЫРГЫЗТЕСТ: 2023-ЖЫЛДЫН 1-18-АВГУСТУНДАГЫ ТЕСТТЕР
2023-жылдын 1–18-август күндөрү бекитилген графикке ылайык КР Экономика жана коммерция министрлигинин, КР Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, КР Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаментинин, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын кызматкерлеринин жана Бишкек медициналык колледжинин окутуучуларынын арасында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тести жүргүзүлдү. Жалпысынан 426 адам тест тапшырышты.