КЫРГЫЗТЕСТ: МАМЛЕКЕТТИК ЖАНА МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТЧЫЛАРГА ТЕСТ ЖҮРГҮЗҮҮ

       2023-жылдын 24-апрелинен 28-апрелине чейин Ленин администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын, Октябрь райондук билим берүү борборунун, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин кызматкерлери жана Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууну көздөгөн адамдар мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тестине катышып, жалпысынан 180 адам тест тапшырышты. Тест жүргүзүү бекитилген графиктерге ылайык өткөрүлдү.

You may also like...