КЫРГЫЗТЕСТ: УЧУРДАГЫ ИШТЕР

Бүгүн, 2022-жылдын 26-августунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын кызматкерлери үчүн мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тест өткөрүлдү. С1 деңгээли боюнча тестке 28 адам катышты. Тест тапшыруучулар «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинде колдонулган компьютердик программасынын ыңгайлуулугун белгилешип, пикирлерин калтырышты.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Министрлер Кабинетинин 26 кызматкери үчүн тест улантылып, КР Тышкы иштер министрлигинин 3 кызматкери онлайн тест тапшырышты.

You may also like...