КЫРГЫЗТЕСТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

       «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинде жарандардын мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тест жүргүзүү уланууда. Учурда offline тартибиндеги тесттер менен бир катар online тартибинде да активдүү жүргүзүлүүдө. Алсак, 2021-жылдын 25-мартынан 30-апрелге чейин жалпысынан 402 адам «Кыргызтест» системасы боюнча мамлекеттик тилден тест тапшырышып, тийиштүү деңгээлдеги сертификат алышты.

Кошумча маалымат:

Тестти online тартибинде тапшыруу убагында Сузак районунан 1 талапкердин «Кыргызтест» эрежелерин бузган учуру катталып, ал тест тапшыруудан четтетилди.

Көңүл буруңуздар!

Тест жүргүзүүнүн эрежелери бузулган учурда, тест тапшыруучу тесттен четтетилет жана бардык жыйынтыктар жокко чыгарылат. Кайра тапшыруу күнү төмөндөгүдөй каралат:

  • эрежелер 1-жолу бузулган учурда – 30 күндөн кийин;
  • эрежелер 2-жолу бузулган учурда – 90 күндөн кийин.

Тест алдын ала жазылуу аркылуу 2 нөөмөттө жүргүзүлөрүн эске салабыз:

  • 1-нөөмөт саат 9.00до;
  • 2-нөөмөт саат 14-00до башталат.

Тестке белгиленген убакыттан 10 мүнөт эрте келүү зарыл жана төлөм дүмүрчөгү болуусу керек. Кечигип келгендер тестке киргизилбейт.

You may also like...